Редакцияот 03.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  I сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели №12/108

 

Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Б.Кошалиев, Нарын облустук делегациянын курамына киргизилгендигине байланыштуу, Туркия мамлекетине иш сапарга барып келүүсүнүн   чыгымына, акча каражат бөлүп берүү  жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн финансы иштери экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн  башчысы               К. Үсөнбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын  Миӊ-Булак айыл аймагын  айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  I  сессиясы токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, 2024-жылдын 28-январынан 2-февралына  чейин Туркия мамлекетине бара турчу облустук делегациянын курамына киргизилгендигине байланыштуу, Нарын районунун Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Кошалиевдин катышуусу камсыз кылынсын жана иш сапарга чыгуу  чыгымына акча каражаты каралып берилсин.  

 

         2.Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын  айылдык  кеӊешинин  катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

         3.Бул токтомдун аткарылышы,  Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн финансы иштери экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн  башчысы К.Үсөнбековго милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага

А.  Жамангулов