Редакцияот 27.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2024-жылдын 27-июну № 47

 Урмизан участкасынан көмүр казып алуу (разработка) үчүн макулдук берүү жөнүндө

 

              “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А. Дилишатовдун билдирүүсүн эске алып, талкуулап, “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 22.12.2023.01-13/6241, сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Урмизан участкасындагыжалпы-159,2 га жер аянтынын көмүр казып алуу үчүн иштетүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Бак өкмөтүнүн аймагынын Зардалы өрөөнүндөгү Урмизан участкасынан көмүр казып алуу (разработка) үчүн №1151 корнтур-3,82га, №1152 контур-3,70га, №1150 контур-38,90га, №1154 контур-16,56га, №1155 контур-6,13га, №1135 контур-17,60га, №1110 контур-17,0га, №1194 контур-9,40га, №1106 контур-38,74га, №1136 контур-1,23га, №1157 контур 6,12га жалпы-159,2 га жер тилкесине макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

Айылдык кенештин төрайымы

Ж.Шадиманова