КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2024-жылдын 27-июну № 48
Алты-Адыр участкасында 0,50 га жер аянтына малды дарылоочу жай “жууткана” курууга макулдук берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А. Дилишатовдун билдирүүсүн эске алып, талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Бак өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы “өнөр жайынын транспорттун байланыштын энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлер” категориясындагы, жашылча мөмө жемиш кургатуучу цех, таза суу кампасы үчүн калтырылган 10,0 га жер аянтынын 0,50 га жер аянтына малды дарылоочу жай “жууткана” курууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрайымы | Ж.Шадиманова |