КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2024-жылдын 27-июну № 49
Кара-Бак айылынын Келечек көчөсүндөгү мечитти Баткен облустук казыятка өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А. Дилишатовдун билдирүүсүн эске алып, талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Бак айылынын келечек көчөсүндөгү 8-01-09-1001-2245 идентификациялык код менен катталган мечитти 0,15га жер аянты менен Баткен облусунун казыятына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрайымы | Ж.Шадиманова |