КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XI1 сессиясы
2024-жылдын 27-июну № 53
Кара-Бак айыл аймагынында “Сасык ферула” (чайыр) ширесин чогултууга макулдук бербөө жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянынмүчөсү А. Дилишатовдун билдирүүсүн угуп, жана талкуулап, жаратылышты коргоо, айлана чөйрөнү, экологияны, жайыттарды сактоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жаратылышты коргоо, айлана чөйрөнү, экологияны, жайыттарды сактоо максатында Кара-Бак айыл өкмөтүнүнжакынкы жайыттарында “Сасык ферула” (чайыр) ширесин чогултууга макулдук берилбесин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрайымы | Ж.Шадиманова |