Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ

 (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2024-жылдын 6-июну № 211

“Ош шаардык Кеңеши” мекемесин

кайрадан түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө», 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү тууралуу” Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Ош шаардык Кеңеши” мекемесин кайрадан түзүү жөнүндөгү маселени карап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2024-жылдын 20-майындагы №2 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.“Кызыл-Кыштак айылдык Кеңеши” мекемесин жана “Төлөйкөн айылдык Кеңеши” мекемесин” кошуу менен “Ош шаардык Кенеши” мекемеси кайрадан түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Ош шаардык Кеңеши” мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение “Ошский городской Кенеш”.

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Ош шаардык Кеңеши” М-и.

- Расмий тилде: У-е “Ошский городской Кенеш”.

2.“Ош шаардык Кеңеши” мекемесине өткөрүп берүү актысы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

3.Ош шаардык Кеңешинин убактылуу Регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

4.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы кезексиз Х сессиясынын №59 “Ош шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5.“Ош шаардык Кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү, №221 болуп аныкталсын.

6.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

7.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

8.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.

 

 

Ош  шаардык Кеңешинин

төрагасы                                                  

 С.С. Назылбеков

 

Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы кезектеги XXVIII сессиясынын №211 токтомуна 1-тиркеме

Өткөрүп берүү актысы

 

Ош шаары                                     2024-жылдын 6-июну

 

 

Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын 2024-жылдын 4-апрелиндеги №36 тескемеси менен түзүлүп, бекитилген төмөндөгү курамдагы комиссия И.Э.Абдыраимов комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөлөрү К.Т.Жамалов, Ч.С.Исаева, Н.К.Джудашева, А.М.Калбаева төмөндөгүдөй өткөрүп берүү актысын түздүк.

“Кызыл-Кыштак айылдык Кеңеши” мекемеси жана “Төлөйкөн айылдык Кеңеши” мекемеси “Ош шаардык Кенеши” мекемесине кошулуу жолу менен кайра түзүлүп, мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып, мекемелердин бардык укуктары жана милдеттери укук улантуучуга өтөт деп эсептелинсин, атап айтканда:

“Кызыл-Кыштак айылдык Кеңеши” мекемеси жана “Төлөйкөн айылдык Кеңеши” мекемеси төмөнкү документтерди тиркемеге ылайык укугу өтүүчү “Ош шаардык Кенеши” мекемесине өткөрүп берди:

1.1. Айылдык Кеңештин сессияларынын иш-кагаздарын.

1.2. Токтомдорду каттоо журналын.

1.3. Мамлекеттик реестрге киргизилген токтомдорун.

1.4. Айылдык Кеңештин буйруктарын.

1.5.Буйруктарды каттоо журналын.

1.6. Айылдык Кеңештин депутаттарынын сапаттык курамы боюнча маалыматын.

1.7. Айылдык Кеңешке кириш болгон каттарын.

1.8.Айылдык Кеңешке кириш болгон каттарды каттоо журналын.

1.9. Айылдык Кеңешке чыгыш болгон каттарын.

2.0 Айылдык Кеңешке чыгыш болгон каттарды каттоо журналын.

2.1.Туруктуу депутаттык комиссиялардын иш кагаздарын.

Ушул өткөрүп берүү актысына ылайык, “Кызыл-Кыштак айылдык Кеңеши” мекемесинин жана “Төлөйкөн айылдык Кеңеши” мекемесинин бардык укуктары жана милдеттери Укугу өтүүчүгө -  “Ош шаардык Кенеши” мекемесине өтөт.  

Мекемелер өткөрүп берет, ал эми укугу өтүүчү бардык карызкорлорго, кредиторлорго, ошондой эле мекемелерге өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгы же тиешелүү милдеттенмелери токтотулгандыгы жөнүндө билдирбеген бардык кредиторлорго карата бардык укуктарды жана милдеттерди өзүнө алат. 

Бул өткөрүп берүү актысына мекемеден көчүрмөлөрдү ырааттуу өткөрүп берүүнүн натыйжасында ыйгарылуучу тарап тарабынан ырааттуу түрдө кол коюлат жана бирдей юридикалык күчкө ээ, үч нускада түзүлдү.

       Тиркеме: 3  баракта.