Редакцияот 22.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Сын-таш айыл кенешинин 9-сессиясы 

2022-жылдын 22-сентябры № 88/9-28 

Сын-Таш айыл кеңешинин 05.07.2022-жылдын № 62/7-28  “2023-2025-жылдарга карата Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүктөрүн алдын ала прогноздоо жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

                   Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесине ылайык, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Б.Алымбаеванын    2023-2025-жылга карата, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолдуу прогнозун угуп жана талкуулап, Сын-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджети 2023-жыл үчүн бюджеттин   киреше жана чыгаша бөлүгү болжол менен – 15640,3 миң сом, анын ичинен атайын эсеп - 650,0 миң сом,  негизги эсеп - 14990,3 миң сом болуп бекитилсин.

2.  2023-жылдын бюджетинин болжолдуу прогнозуна ылайык, жогурулашына байланыштуу  Сын-Таш айыл өкмөтү дотациядан чыгарылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн   башчысы М.Т.Джолдошевге жүктөлсүн.

Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы:

Джолдошбеков Э.Б.