Редакцияот 22.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Сын-таш айыл кенешинин 9-сессиясы 

2022-жылдын 22-сентябры № 77/9-28 

Сын-Таш айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө”№ 284 жырлыгына жана биринчи Элдик Курултайды уюштуру боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга” КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына ылайык маселени карап жана талкуулап, Сын-Таш айыл Кеңеши

 

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

 

1.            Сын-Таш айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы    2022-жылдын 5-ноябрында чакырылсын.

2.            Сын-Таш айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык - 50 делегаттан турары белгиленсин.

3.            Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрдан 22-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№1 тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормаларын калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.

4.            Сын-Таш айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуру жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы  11 адамдан бекитилсин (№2 тиркеме).

5.            Бул токтом мамлекеттик реестрга киргизүү жана каттоо үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6.            Жогорудагы токтомдун көзөмөлүн өзүмө калтырам.  

Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы:

Джолдошбеков Э.Б.