Редакцияот 26.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Сын-таш айыл кенешинин 8-сессиясы 

2022-жылдын 26-июлу № 76/9-28 

 

Гидрометеорологиялык пост курууга жер бөлүп берүү жөнүндө

   Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин Гидрометеорология боюнча агенттигинин катын карап чыгып, гидрометеорологиялык посттун ишин жандандыруу максатында, Сын-Таш айыл Кенеши

   ТОКТОМ  КАБЫЛ АЛАТ: 

1.            Сын-Таш айыл Кеңешинин  2022-жылдын 06-апрелиндеги № 51/6-28  токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

2.            “Ысык-Ата дарыясы – Туюк  дарыясынын куймасы” гидрологиялык    постун куруу үчүн № 713-контурунда мурда бөлүнгөн   1,0 (бир) га  жерди Гидрометеорология боюнча агенттигине мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.

3.            Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Джолдошевге жүктөлсүн. 

Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы:

Джолдошбеков Э.Б.