БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бурана айылдык кенешинин 28- чакырылышынын көзектеги сессиясы
2022 жылдын 11 февралы № 18
Бурана айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн жана 2023-2024-жылга жергиликтүү бюджеттин божомолун бекитүү тууралуу
Бурана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Джолдошбекованын 2022-жылга карата Бурана айыл өкмөтүнүн бюджетин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, 2023-2024-жылга бюджеттин божомолун ст78, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесине ылайык,2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2023-2024-жылга божомолун бекитүү боюнча Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Бурана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети атайын эсепти жана теӊделүүчү грантты кошкондо 2022-жылга 16031,2 миӊ сом,2023-жылга божомолу 19159,5 миӊ сом бөлүштүрүү(тиркеме №3) бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмүн 2022-жылда каржылоодо биринчилерден корголгон беренелер (айлык маяналар,социалдык фондко чегерүүлөр,бала бакчанын тамак-ашы).Андан тышкары коммуналдык тейлөөлөр боюнча электр энергиясынын бекитилген чегин сактоо жагы көзөмөлгө алынсын жана көмүр сатып алуу,андан тышкары карыздарды төлөө каралсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбай калса же ашыгы менен аткарылса райондук финансы башкармалыгынын макулдугу менене айылдык кеӊештин отурумунда каралып,киреше жана чыгаша бөлүмүнө оӊдоп,түзөө киргизилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн каржылоодо,айыл өкмөттөн муктаждыгына байланыштуу бөлүмдөн бөлүмгө,беренеден беренеге райондук финансы башкармалыгынын маулдугу менен айылдык кеӊештин отурумунда каралып,чейректен чейреке,бөлүмдөн бөлүмгө,беренеден беренеге жылдырылып берилсин.
5. Жергиликтүү бюджет боюнча 2022-жылга карата кассалык акча жүгүртүүсү райондук казына бөлүмүндө 50,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Бурана айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы (Джолдошбекова К);
- Бурана айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде,экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда,Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги менен 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн.
- Жергиликтүү бюджеттин аткаруунун жүрүшүндө жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгын жана ашык аткарылгандыгы күтүлгөн учурда жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн баланстуу оӊдоп-түзөөгө уруксат беоилсин;
7. Бурана айыл өкмөтү боюнча киреше боюнча башкы адис (Куланбаева Б.Ч.) тарабынан:
- Экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
- Салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;
- Жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр карыздарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн;
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык Бурана айыл өкмөтү тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (электр энергиясы,байланыш кызаттары үчүн төлөм) коюлган ченем катуу сакталсын.
9. Бурана айыл өкмөтүнүн бектилген бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу Бурана айыл өкмөтүнүн башчысына (А.Б.Оскеновго) жүктөлсүн.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Бурана айылдык кеӊешинин экономика,бюджет,каржы,салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
11. Ушул токтомдун расмий жарыяланган күндөн тартып аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Респбуликасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө, “ММК-Кызмат” гезитине,мамлекеттик тилде жарыялансын.
12. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
А.Б.Исагалиев |
Бурана айылдык кеӊештин
2022-жылдын 11-февралындагы
№ 18- токтомуна тиркеме №1
ЭСЕП
Бурана айыл аймагынын 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга божомолу
№ | Аталышы | Аткарылганы | бекитил | божомолу |
| |
|
| 2021ж | 2022ж | 2023ж | 2024ж | 2025ж |
1 | Киреше салык | 1911,4 | 2060,0 | 1800,0 | 1900,0 |
|
2 | Ыктыяры менен төлөнүүчү патент | 285,4 | 300,0 | 300,0 | 300,0 |
|
3 | Кыймылсыз мүлккө салык | 19,8 | 19,1 | 19,1 | 19,1 |
|
4 | Унаа салыгы | 560,2 | 570,0 | 570,0 | 570,0 |
|
5 | Огород салыгы | 173,9 | 150,2 | 150,2 | 150,2 |
|
6 | Дыйкандардын үлүш жерине салык | 1986,1 | 1993,6 | 1993,6 | 1993,6 |
|
7 | Айыл чарба эмес салык | 401,8 | 453,8 | 453,8 | 453,8 |
|
8 | Сатуудан түшкөн салык |
|
|
|
|
|
9 | Ар кандай салык жана киреше |
|
|
|
|
|
10 | Лицензиядан түшкөн киреше |
|
|
|
|
|
11 | Калк жайгашкан жердин ижара акысы | 54,4 | 139,2 | 139,2 | 139,2 |
|
12 | Жайыттарды пайдалануу | 91,7 | 60,0 | 60,0 | 60,0 |
|
13 | КФБ жердин ижара акысы | 6433,1 | 6478,7 | 6978,7 | 7478,7 |
|
14 | Юстиция органы өндүрүүчү мам.пошлина |
|
|
|
|
|
15 | Таштандыларды чыгаруудан түшкөнү | 1,4 |
|
|
|
|
16 | Мамлекеттик кызыкчылыгындагы киреше | 135,6 |
|
|
|
|
17 | Муниципалдык имараттын арендасы |
| 9,6 | 9,6 | 9,6 |
|
18 | Айыл чарба жерин сатуу | 111,9 |
|
|
|
|
| Баардыгы | 12166,7 | 12234,2 | 12474,2 | 13074,2 |
|
19 | Атайын эсептен түшкөнү | 1384,4 | 1500,0 | 1500,0 | 1500,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Баардыгы | 13551,1 | 13734,2 | 13974,2 | 14574,2 |
|
20 | Кезектеги жардам |
|
|
|
|
|
21 | Теӊделүүчү грант | 5143,3 | 2297,0 | 5185,3 | 5185,3 |
|
22 | Кайтарымсыз каражат | 195,2 |
|
|
|
|
| Баардыгы | 18889,6 | 16031,2 | 19159,5 | 19759,5 |
|