Редакцияот 07.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

 

2024-жылынын 07-июну №4/4

 

“Сыны “Таза-Суу” коомунун төрагасы Атанаев Жумакандын кайрылуусун кароо жөнүндө.”

 

Сыны “Таза-Суу” коомунун төрагасы Атанаев Жумакандын кайрылуусу боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. “Таза-Жашыл-Өрөөн” аталыштагы муниципалдык ишкана, айыл аймактагы жайыт тазалык, ирригация жана элди таза суу менен камсыз кылуу маселелерин карагандыктан, Сыны айылындагы “Таза-Суу” коомунун суу түтүктөрүн мыйзамга ылайык Кара-Камыш айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Жашыл-Өрөөн” муниципалдык ишканасына өткөрүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Сыны “Таза-Суу” коомунун 7 км аралыктан келген суу түтүктөрүн мыйзам чегинде “Таза-Жашыл-Өрөон” ишканасына өткөрүүнү колго алуу жагы өкмөт башчы Т.Султамуратовго жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

  1. Аталган токтомду www.kara-kamysh.gov.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Кубанычбек у фархатка жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

У.Жунусалиев