Редакцияот 07.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

 

2024-жылынын 07-июну №4/5

 

“Кара-Жыгач базарын бөлүп өтүүчү Кара-Жыгач-Сары-Челек авто жолунун жээгиндеги жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү темир тосмосу менен курулган жол маселесин кароо жөнүндө”

 

Кара-Жыгач базарындагы ишкерлердин кайрылуусунун негизинде Кара-Камыш айылдык кеңешинин айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссия жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссиялардын корутундуларын карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кара-Жыгач базарынын жолуна курулган тосмонун жээгиндеги мыйзамсыз курулган курулуштарды кызыл сызыкка чыгаруу жагы белгиленсин.

 

  1. Кара-Камыш базарын бөлүп өткөн негизги жолду кеңейтүү жагын ДЭП 12 жол тейлөө ишканасынын жетекчилигине билдирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдон суралсын.

 

  1. Курулган тосмонун проектиси боюнча жети базарга кирүүчү жол каралган жана Кара-Жыгач айылдык кеңешинин XI чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын №3 токтомуна ылайык кошумча 4 (төрт) жеринен ачуу жагы бекитилген, арыз ээлери менен биргеликте макулдашылып бекитилген токтом өзгөртүлбөй кылтыруу жагы белгиленсин.

 

  1. Кара-Жыгач базарындагы жол тыгындарын жоюу максатында жол жээгинде товар жайып соода сатык кылып жаткандарга милиция кызматкерлери менен биргеликте эскертүүлөрдү берүү жагы өкмөт башчыга жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

  1. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

 

  1. Аталган токтомду www.kara-kamysh.gov.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Кубанычбек у фархатка жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

У.Жунусалиев