Редакцияот 31.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI1 чакырылышынын кезектеги ХХХ1Х-сессиясы

 

2024-жылдын 31-июлу № 69

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого

макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун  которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-июлундагы отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн Кара-Булак айыл аймагынын Чет-Булак участкасында жайгашкан 1,60 га жер аянтына күнөскана куруу максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айыл аймагынын Чет-Булак участкасындагы № 1344 контурунда жайгашкан  0,54 га, № 1345 контурунда жайгашкан 0,26 га, № 1350 контурунда жайгашкан 0,42 га № 1351 контурунда жайгашкан 0,24 га, № 1352 контурунда жайгашкан 0,07 га жана № 1353 контурунда жайгашкан 0,07 га жалпы 1,60 га  таштуу жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  1. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

Төрага

К.Шакиров