Редакцияот 31.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI1 чакырылышынын кезектеги ХХХ1Х-сессиясы

 

2024-жылдын 31-июлу № 70

 Кара-Булак айылындагы 30 га үлүш жер аянтын тактоо боюнча

комиссиянын курамын түзүү жөнүндө

 

Кара-Булак айылынын элдеринин 2024-жылдын 7-майындагы жазган кайрылуу катына ылайык, Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-июлундагы отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айылынын Кеп-Таш участкасындагы жарандардын 30 га үлүш жер аянтын тактоо боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн:

 

1. Сами уулу Жыргал- айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын төрагасы.

2. Н.Дубанаева- Кара-Булак айылынын айыл башчысы, комиссиянын орун басары.

3. Н.Аскарова- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.

4. М.Матырайимова- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.

5. А.Эгембердиев- коомчулуктан, комиссиянын мүчөсү

6. М.Бердалиев- коомчулуктан, комиссиянын мүчөсү

  1. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров