КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI1 чакырылышынын кезектеги ХХХ1Х-сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 73
“Ак Жолтой” балдар бакчасы мекемесинин кеңсесине кошумча
имарат куруу үчүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинен
акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“Ак Жолтой” балдар бакчасы мекемесинин 2024-жылдын 7-майындагы № 6 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Кара-Булак айылдык кеңешинин экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 30-июлундагы отурумунун корутундусуна ылайык, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- “Ак Жолтой” балдар бакчасы мекемесинин кеңсесине Ага Хан фондунун “Патрип” долбоорунун эсебинен курулуучу кошумча имаратка 1500 000 (бир жарым миллион) сом өлчөмүндө акча каражаты Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
- Токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |