Редакцияот 31.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI1 чакырылышынын кезектеги ХХХ1Х-сессиясы

 

2024-жылдын 31-июлу № 74

 Кара-Булак айылдык кеңешинин “ Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы Кара-Булак-Тазалык муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм акыларынын баасын бекитүү” жөнүндөгү 2023-жылдын 26-майындагы № 28 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын элдик жыйынынын 2024-жылдын 15-мартындагы протоколунун негизинде, Кара-Булак айылдык кеңешинин экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 30-июлундагы отурумунун корутундусуна ылайык, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасына жыйналуучу таштандынын төлөм акысы тиркемеге ылайык калкка айына 1 адамга 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө өзгөртүлүп бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Кара-Булак айылдык кеңешинин экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К.Шакиров

    Кара-Булак айылдык 

    кеңешинин кезектеги

    XXXIX сессиясынын

    2024- жылдын

    31-июлундагы

    № 74 токтомуна тиркеме

 

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарынын төлөмдөрү

 

Баалардын көрсөткүчү

 

№

Кызматтардын аталышы

Бирдиктүү өлчөм

Айына

Суммасы (сом)

1.

Калкка

1 адамга

1 айга

20 сом

2.

Бюджеттик мекемелерге

1 м2 (имарат)

1 айга

10 сом

3.

Өндүрүштүк мекемелерге

1 м2 (имарат)

1 айга

10 сом

4.

Коммерциялык түйүндөргө жана уюмдарга

 

1 м2 (имарат)

 

1 айга

 

10 сом

 

 

Жооптуу катчы                                                                        Г.Жумаева