Редакцияот 31.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI1 чакырылышынын кезектеги ХХХ1Х-сессиясы

 

2024-жылдын 31-июлу № 75

 Кара-Булак айылында жайгашкан “Өспүрүм үмүтү”коомдук фондунда

турган жер аянтын Кара-Булак айыл өкмөтүнүн

муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

 

            Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-июлундагы № 595 сандуу чыгыш катынын негизинде, Кара-Булак айылдык кеңешинин экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 30-июлундагы отурумунун корутундусуна ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак  айылындагы “Өспүрүм үмүтү” коомдук фонду Баткен райондук сотунун 2024-жылдын 30- майындагы № ГД – 339-24-Ба-1сандуу чечиминин негизинде жокко чыгарылгандыгына байланыштуу ага тиешелүү болгон жер аянтын муниципалдык менчике алуу максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылындагы “Өспүрүм үмүтү” коомдук фондуна таандык болгон  5,20 га жер аянты Кара-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
  2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап өткөрүп алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров