Редакцияот 31.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI1 чакырылышынын кезектеги ХХХ1Х-сессиясы

 

2024-жылдын 31-июлу № 76

 Кара-Булак айылдык кеңешинин “Кара-Булак айыл өкмөтүнүн

аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү” жөнүндөгү 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 62 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун  которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-июлундагы № 596 сандуу чыгыш катынын негизинде, Кара-Булак айылынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн суу кампасын куруу максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айыл аймагынын Кара-Булак айылындагы № 4321 контурунда жайгашкан  0,70 га жайыт жер аянтын № 4795 контурунда жайгашкан 0,13 га жер аянты башка жер (прочие), № 4796 контурунда жайгашкан 0,32 га жер аянты башка жер (прочие), № 4789 контурунда жайгашкан 0,11 га бадалдуу жайыт жер аянты   жалпы 1,26 га жер аянтын  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  1. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

Төрага

К.Шакиров