Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл- Кыя шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын XXXХ -

сессиясы

 

2024-жылдын 1-августу № 40/155

 

“Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасын түзүү жана ишкананын Уставын бекитүү жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча  туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №53 протоколун  жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ж.Курбановдун          2024-жылдын 25-июлундагы №01-8/2053, 2024-жылдын 31-июлундагы №01-8/2078 каттарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
  1. “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин- тиркеме 1.
  1. “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасын түзүүдө тиешелүү документтерди даярдоо  Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Маткалыковго  жүктөлсүн.

4. Ишкананын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында жаңы ишканаларды,  “Январский” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдү жана шаардагы жеке менчик үйлөрдү шаардык жылуулукка туташтыруу жагы шаар мэрине жана              “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын жетекчисине сунушталсын.

5.     “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын бюджети жана штаттык бирдиктери иштелип чыгылып, шаардык кенештин сессиясынын кароосуна сунушталсын.

6.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳраганын м.а.:

М.Гайвылдаев

 

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин

(VII-чакырылышы) 2024-жылдын

1 –августундагы  кезексиз

40-сессиясынын  №40/155  токтомуна

         тиркеме-1

 

“Кызыл-Кыя жылуулук ” муниципалдык ишканасынын Уставы

 

                                                 I.Жалпы жоболор

 

1.  «Кызыл-Кыя жылуулук” өз алдынча чарбалык эсеп жүргүзүүчү муниципалдык ишканасы уюштурулсун.

2.  «Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анын милдеттерин жана ишинин укуктук, уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

3.  Бул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ал бекитилген жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып колдонууга киргизилет.

4.  Толук аталышы:

Кыргыз тилинде - «Кызыл-Кыя жылуулук» муниципалдык ишканасы. Орус тилинде – муниципальное предприятие «Кызыл-Кыя тепло».

5.  Ишкананын уюштуруучусу: Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы.

6.  Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Кызыл-Кыя шаары, Т.Кулатов көчөсү №140

7.  Ишкананын өкүлчүлүктөрү же филиалдары жок.