Редакцияот 23.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин V1 чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2024-жылдын 23-июлу № 36

 Ак-Татыр айыл аймагында Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктунун жыйырма биринчи пунктчасына ылайык, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 22-июлундагы отурумунун №4 протоколун  карап талкуулап чыгып Ак-Татыр  айыл аймагынын айылдык кеңешинин  VI чакырылышынын  кезектеги XII сессиясы Токтом кылат

 

 

1.    Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн айылдарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүүгө, ӨКМдин Баткен райондук  өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2025-жылга иш планына, Ак-Татыр айыл өкмөтү тарабынан селдин алдын алуу боюнча иш-чаралардын планы сунушталсын.

2.    Ак-Татыр айыл аймагына 2024-жылдын 10-июлундагы келген селдин кесепетинен зыян тарткан айыл тургундарына айыл өкмөтү тарабынан материалдык жардам берилсин.

  1. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.    Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.

5.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.