АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V1 чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 37
Ак-Татыр айыл аймагында Ак-Татыр каналы жана суу алуучу насосу трансформатору жана 4 км узундуктагы каналын жана 6 даана тики кудук менен биргеликте трансформаторлору Баткен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, комиссиянын актын карап жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр айылындагы 4 км узундуктагы “Ак-Татыр” каналы, суу алуучу насосу трансформатору менен биргеликте, Ак-Татыр айылынан 3 тики кудук трансформатору менен кудуктан сугат сууга пайдалануу үчүн 2015 метр узундуктагы шлангы жана Рават айылында 3 тике кудук трансформатору менен биргеликте мамлекеттик менчикке алынып, Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |