Редакцияот 23.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин V1 чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2024-жылдын 23-июлу № 40

 Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсү, 2025-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштурууда айылдык кеңешинин депутаттарынын катышуусун карап талкуулап чыгып Ак-Татыр  айыл аймагынын айылдык кеңешинин  VI чакырылышынын  кезектеги XII сессиясы Токтом кылат

 

 

1.    Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр, Орто-Боз жана Рават айылдарында 2025-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууну өткөрүү үчүн үч айылда өтө турган күндөрү белгиленсин, жооптуу адамдар көрсөтүлсүн.

  1.  Айылдарда өтө турган күндөрү жана жооптуу адамдар.

№

Айылдын аты

Боло турган күнү жана  сааты

        Жооптуу адамдар

1

Ак-Татыр

25.07.2024 , 17:00

Камалов Алыкул

2

Орто-Боз

25.07.2024 , 10:00

Исаков Анарбай

3

Рават

24.07.2024 , 10:00

Мажитова Максатай

  1. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, төраганын орун басарына жүктөлсүн.

4.    Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.

5.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.