Редакцияот 07.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

 

2024-жылынын 07-июну №4/7

 

““Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө”

 

Кара-Камыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобого ылайык жана Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

           

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кара-Камыш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнугүүсүнө кошкон салымы жана өсүп келе жаткан жаш муундарга билим, тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгегин үчүн Жүзүмжан айылынын тургуну, тарых мугалими Керимкулов Тилеген Сатканбаевичке Кара-Камыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын

 

  1. “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга “ардактуу атуулу” жазуу лентасын, күбөлугүн, жана төш белгисин даярдап тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

  1. Аталган токтому Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын;

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага:

У.Жунусалиев