Редакцияот 08.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отуруму

 

 

2023-жылдын 8-июну № 4/33

 

Күнтуу айыл өкмөтү жана ЖЧК “Кочмон-Сити” курулуш компаниясы менен түзүлгөн келишимге алымча –кошумчаларды киргизүү боюнча

 

Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Күнтуу айыл аймагына акысыз бөлүнө турган 1150(бир миң бир жүз элүү) батирдин ордуна 2250 (эки миң эки жүз элүү) батир элүү пайыз акы төлөө менен жашоочуларга баштапкы төлөмү жок он жылга бөлүнүп берилсин ал эми 150 (жүз элүү) батир социалдык жактан аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген калктын аярлуу катмарына бөлүп берүү үчүн, айыл өкмөтүнүн балансына акысыз берилсин;

2.            Айыл өкмөттүн башчысы Б.А Джумалиев ар бир айылдан жыйын өткөзүп,курулуш компаниясы менен айыл өкмөттүн ортосунда , акысыз коомдук башталышта иш алып баруу үчүн, экиден өкүл дайындап курулуш компаниясына берсин жана келишимдеги акы төлөнүп иштөө пункту жокко чыгарылсын;

3.            Күнтуу айылына муниципалдык жер тилкесине 700 кв.м. спорттук комплекс салынсын;

4.            Күнтуу айыл аймагына келишим боюнча салына турган, оорукананын ордуна Чоң-Жар, Шалта, Кичи-Шалта айылдарындагы муниципалдык жер тилкелерине 220 кв.м., Достук айылына 40 кв.м. ар бир айылга элдик жыйындарда аныкталган көйгөйлөрдүн негизинде, социалдык объектилер салынсын, айыл өкмөттүн башчысы Б.А.Дужумалиев элдик жыйындарды тез арада уюштуруп өткөрүүсү дайындалсын;

5.            Келишимдеги 7 пункт 7.5 тез арада жокко чыгарылсын;

6.            Келишим боюнча каралган 72 айда курулуш объектиси аягына чыкпаса, жарандарга элүү пайыздык сатууга бериле турган батирлер 40 пайыз мененже башкача айтканда 10 пайызга арзандатуу жагы каралсын;

7.            Курулуш иштерине баардык документтер даяр болуп иш башталганга чейин, эч кандай курулуш иштери 31-гектар жер тилкесинде жүргүзүлбөсүн;

8.            Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.АДжумалиев айылдык кеңеш тарабынан аныкталган баардык алымча-кошумчалар боюнча тыкыр иш алып барсын, аткарылган иштер боюнча айылдык кеңешке маалымат токтоосуз берилип турсун;

9.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Күнтуу айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын баардык төрагаларына жүктөлсүн жана өз көзөмөлүмө калтырам;

10.         Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

11.         Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

  

Күнтуу айылдык кеңешинин

төрагасы

М.А.Тобоев