Редакцияот 08.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отуруму

 

 

2023-жылдын 8-июну № 4/35

 

Күнтуу айыл аймагы боюнча  таштандыны чыгаруу баасын кайрадан карап бекитип берүү жөнүндө

 

Күнтуу айылдык Кеңеши «Таза Күнтуу»- муниципалдык ишканасынын директору В.М. Шиловтун суроо талабын талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 1-июль айынан баштап төмөнкү тарифте (чен) иш алынып барылсын:

1.1.         Күнтуу айыл аймагында жайгашкан юридикалык жактарга таштанды чыгаруу үчүн төлөө акысы 220-сомдон бекитилсин;

1.2.         Күнтуу айыл аймагындагы жайгашкан айылдарга, баардык үй башына таштандысын чыгаруу үчүн төлөө наркы 80-сомдон (сексен) бекитилсин;

1.3.         Күнтуу айыл аймагындагы баардык айылдардагы, үйлөрүн батир катары берүүчү, үй ээлерине 220-сомдон бекитилсин;

2.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Д.Омуралиевага жүктөлсүн;

3.              Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

4.              Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Күнтуу айылдык кеңешинин

төрагасы

М.А.Тобоев