КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отуруму
2023-жылдын 8-июну № 4/36
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кайрылуусунун негизинде
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтү, Сокулук райондук Аксакалдар Кеңешинин төрагасы С.Жумаковдун, аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо маселени карап берүү боюнча, Күнтуу айылдык кеңешинин 2024-жылы жергиликтүү бюджетин карап бекиткен учурда, Күнтуу айыл өкмөтү тарабынан бюджеттин долбооруна киргизилсин;
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Джумалиев аксакалдар сотуна, иш бөлмө уюштуруп берсин;
3. Каржы боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Д.Омуралиевага жана Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Джумалиевге токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жүктөлсүн;
4. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасы | М.А.Тобоев |