Редакцияот 08.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отуруму

 

 

2023-жылдын 8-июну № 4/37

 

Күнтуу айылынын жашоочуларынын жамааттык кайрылуусунун негизинде

 

Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл аймакта жүргөн №18 автобустун аралыктарын 25 мүнөт менен жүргүзүү жана №366 маршруттук каттам боюнча, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Джумалиев тийиштүү жерлерге кайрылуу жасап иш алып барсын, жамааттык кайрылууга мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

2. Социалдык жактан туруктуу комиссиянын төрайымы А.К. Сатымкулова жана Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Джумалиевге токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жүктөлсүн;

3. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Күнтуу айылдык кеңешинин

төрагасы

М.А.Тобоев