Редакцияот 29.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бурана айылдык кенешинин 28- чакырылышынын көзектеги сессиясы

 

2022 жылдын 29-декабры  № 53

Жергиликтүү мулк салыктары жана жыйымдар жөнүндө

      Бурана айылдык кенеши, «Кыргыз Репсубликасынын салык кодексинин ишке киргизүү жөнүндөгү»  2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесинин жана Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Чүй району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы №106 катынын негизинде, Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

1.            2023-жылдын 1-январынан баштап Бурана айыл өкмөтү боюнча төмөндөгү жергиликтүү  мүлк салыктары жана жыйымдар киргизилсин:

1.Жергиликтүү  мүлк салыктары:

 1) Турак жай имаратына,курулмага жана жайга мүлк салыгы;

 2) Турак жай эмес имаратка,курулмага жана жайга салык;

 3) Үй жанындагы,короо жайга жана багбанчылык-чарбак жер участогуна

      мүлк салыгы;

 4) Калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы

      эмес жерлерге салык;

 5) Транспорт каражатына мүлк салыгы.

2. Токтомдун аткарылышы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы,экономика жана бюджет комитетинин төрагасы М.Эсеновго жүктөлсүн.

 

Төрага

 

   А.Б.Исагалиев