Редакцияот 09.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын

 

2024-жылынын 09-августу №4

 

“Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө”

 

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Катыраңкы айылынын тургуну Ж.Маматаевдин кайрылуусун жана Катыраңкы айылынын тургундарынын протоколун карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кыз-Көл айыл аймагындагы Көк-Арт дарыясынан Катыраңкы айылына чейинки көчөгө Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу маркум Кожомбердиев Маматбайдын ысымы ыйгарылсын.

 

           2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

          3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз- Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Мурзакматовго

              милдеттендирилсин.

 

            4. Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке

             жүктөлсүн.

 

 

 

Кеңештин төрагасы:

К.Кушбаков