Редакцияот 20.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын

 

2024-жылынын 20-августу №28-9-1

 

“Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына караштуу жер тилкесин Жалал-Абад электр тармактар иш канасынын Майлуу-Суу РЭТ филиалына мѳѳнѳтсүз жаңы заманбап имарат курууга бѳлүп берүү жѳнүндѳ.”

 

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 30.05.2024-жылындагы № 01-14-349 сандуу кайрылуусун, жана Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ѳнѳр-жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Майлуу-Суу шаардык РЭТинин, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
  2. Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 14-февралындагы №24-9-8 токтому жокко чыгарылсын.
  3. Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына караштуу жер тилкесин Жалал-Абад электр тармактар иш канасынын Майлуу-Суу РЭТ филиалына мѳѳнѳтсүз жаңы заманбап имарат курууга бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
  5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Шаардык Кеңештин төрагасы:

Н.Бостонов