Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024 жылдын 05-апрели  № 4/3-XXVIII

Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, ошондой эле жер-агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.С. Кымыналиевдин, Достук айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси А. Т. Джаркинбаевдин Достук айыл аймагында жайгашкан № 327,335,328,329 контурларындагы жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай,транспорт,энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө корутундусун угуп жана карап чыгып, Достук айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Достук айыл аймагында жайгашкан жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин:

1) №327 контурунда - 0,30 га өлчөмүндө жайыттар "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына;

2) №335 контурунда - 0,70 га өлчөмүндө жайыттар «Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына;

3) №328 токой тилкесинин контурунда - 2,2 га өлчөмүндө "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына;

4) №329 контурунда - 0,40 га өлчөмүндө Башкалар «Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына;

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Достук айыл аймагында жайгашкан жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө өтүнүч кат берилсин:

1) №327 контурунда - аянты 0,30 га жайыт "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу;

2) №335 контурунда - аянты 0,70 га жайыт "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу;

3) №328-токой тилкесинин контурунда, аянты 2,2 га "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу;

4) №329 контурунда - 0,40 га өлчөмүндө Башкалар "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жана бул токтомду Мыйзамда каралган тартипте бекитүү.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Н. Аалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Айтиев Т.Т.