Редакцияот 20.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын

 

2024-жылынын 20-августу №28-9-3

 

“Майлуу-Суу шаарынын Горняцкий кѳчѳсүнүн аталышын ѳзгѳртүп, ордуна Тагай Бостонов ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ.”

 

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 12.04.2024-жылындагы № 01-14- сандуу кайрылуусун, социалдык тармак, саламаттыкты сакто, билим берүү, айлана чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сакто, билим берүү, айлана чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алынсын.

 

  1. Майлуу-Суу шаардык Горняцкий кѳчѳсүнүн аталышы ѳзгѳртүлүп, Тагай Бостонов ысымына ыйгарылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга, шаардык Мамкаттоо бѳлүмүнѳ жана тиешелүү мамлекеттик органдын шаардык бѳлүмдѳрүнѳ тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин социалдык тармак саламаттыкты сакто, билим берүү, айлана чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Шаардык кеңештин төрагасы:

Н.Бостонов