Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 5-апрели № 6/3-XXVIII

Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” ылайык, ошондой эле Достук айыл аймагында №744 контурунда жайгашкан жер участогун, жалпы аянты 2,9 га "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Достук айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси А.Т.Джаркинбаевдин маалыматын угуп жана карап чыгып, Достук айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Достук айыл аймагында № 744 контурунда жайгашкан, жалпы аянты 2,9 га жер участогун таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Достук айыл аймагында №744 контурунда жайгашкан, жалпы аянты 2,9 га жер участогун таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жана мыйзамда белгиленген тартипте бекитүү өтүнүчү берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Н. Аалиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Айтиев Т.Т.