Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2023-жылдын 6-апрели № 2

Таза суу резервуарлары жайгаша турган жер аянттарын трансформациялоо жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын 2013 жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (Трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1.Отуз-Адыр айыл аймагынын № 477,475,473,403,587,503,501,1080,1010,223,225,226,227 контурларында жайгашкан жалпы аянты 4,49 га айыл чарба жерлери категориясындагы жер аянтын ѳндүрүштүн,транспорт-байланыштын жана башка максатта пайдалануунун (суу резервуарларын жайгаштыруу үчүн) категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2.Жогоруда аталган контурлардагы жалпы аянты 4,49 га болгон айыл чарба жерлери категориясындагы жер аянтын ѳндүрүштүн,транспорт-байланыштын жана башка максатта пайдалануунун (суу резервуарларын жайгаштыруу үчүн) категориясына которуп берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (Н.Калматов)

 

4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Т.Жумаев