ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2023-жылдын 6-апрели №4
Катуу тиричилик калдыктарын айылдардан ташып чыгаруунун жаңы тарифин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” аттуу Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Катуу тиричилик калдыктарын айылдардан ташып чыгаруунун жаңы тарифи кабына 40 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2.Катуу тиричилик калдыктарын айылдардардан ташып чыгаруунун тарифи боюнча 2023-жылдын 27-январында ѳткѳрүлгѳн Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясынын№ 4 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (Н.Калматов)
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Аматов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Т.Жумаев |