Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2023-жылдын 6-апрели №5

“Отуз-Адыр таза суу” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” аттуу Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1.”Отуз-Адыр таза суу” муниципалдык ишканасынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.( тиркеме 6 баракта)

 

2.Бекитилген Уставка ылайык иш алып баруу Отуз-Адыр таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчисине жүктѳлсүн.( Б.Абсатаров)

 

3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.( А.Беделов)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Т.Жумаев