Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2023-

жылдын 06- апрелинде ѳткѳрүлгѳн XXXII

сессиясынын № 5 токтомуна № 1 тиркеме

 

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн алдындагы

«Отуз-Адыр таза суу» муниципалдык ишканасынын

 

 

УСТАВЫ

 

 

 

2023-жыл

 

 

Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштелип чыгып,

«Отуз-Адыр таза суу» муниципалдык ишканасынын юридикалык статусун, анын жалпы жобосун, структурасын жана ишкананы башкаруу тартибин, негизги максаттарын, функцияларын, укук-милдеттерин, жоопкерчилигин, башка уюмдар менен байланышын, кайрадан түзүү жана жоюлуу тартибин аныктайт.

 

1.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

«Отуз-Адыр таза суу» муниципалдык ишканасы (мындан ары-Муниципалдык ишкана) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин тийиштүү органдары тарабынан катталгандан кийин юридикалык жак статусуна ээ болот, анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары бар мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары белгиленген үлгүдөгү бланктары, өздүк эсепке жана башка эсептерге ээ болот жана сот бийлигинде доочу жана жооптуу болуп чыга алат.

Муниципалдык ишкананын уюштуруучусу.

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-январындагы XXI кезектеги сессиясынын №6 токтомунун негизинде, Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтү мекемеси,«Отуз-Адыр таза суу» муниципалдык мекемеси, каттоо датасы 2023-жылдын 17-марты, каттоо номери 71627-3306-М-е, ИУЖК коду: 22414570, ИСН:00810199610015, юридикалык дареги; Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Отуз-Адыр а.а. Отуз-Адыр айылы, А.Атамбиев көчөсү №16;

 

Муниципалдык ишкананын толук аталышы;

Мамлекеттик тилде: «Отуз-Адыр таза суу» муниципалдык ишканасы

Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие «Отуз-Адыр таза суу»

Муниципалдык ишкананын кыскартылган аталышы:

Мамлекеттик тилде: «Отуз-Адыр таза суу» МИ.

Расмий тилде аталышы: МП «Отуз-Адыр таза суу»

Муниципалдык ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Отуз-Адыр айылы, А.Атамбиев көчөсү №16;

Муниципалдык ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана буйруктарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык кеңештин токтомдоруна,Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн буйруктарына жана ушул Уставка ылайык жүргүзөт.

 

II Муниципалдык ишкананын негизги максаты:

2.1. Муниципалдык ишкананын негизги максаты муниципалдык заказдарды ишке ашыруу, Отуз-Адыр айылдык аймагынын калкына кызматтарын көрсөтүү максатында төмөндөгү жумуштардын түрлөрүн аткарат:

·       айыл ичинде тургундарды ичүүчү суу менен камсыздоо;

·       ичүүчү суунун тармактарынын сакталышын камсыздоо;

·       ичүүчү суу системасын оңдоп түзөөгѳ, жол белгилерин орнотуу иштерин

жүргүзүүгѳ,жыл мезгилдерине ылайык колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү;

·       айыл аймагындагы санитардык коопсуздукту камсыздоо максатында тиешелүү иш чараларды уюштуруу;

·       ишкананын балансындагы бардык техникаларды эксплуатациялоо, техникалык жактан тейлөө жана өз учурунда оңдоо.

 

III Муниципалдык ишкананын укугу

 

3.1. Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгун аткарууда төмөндөгүлөргө укуктуу:

·       Юридикалык жана физикалык жактар менен келишимдерди, контракттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген мындан башка иш-аракеттерди жүргүзөт;

 

·       Финансылык (каржы) операцияларын, өз карамагындагы мүлктөрдү жана акча каражаттарды колдонууну өз алдынча жүргүзөт;

 

·       Өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүнөн мыйзамдарга каршы келбеген киреше табат, түшкөн кирешелерди ишкананын иштерине ченемдик укуктук актылардын негизинде пайдаланат.

 

·       Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага алат:

·       Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирбеген учурда акы төлөнүүчү кызматтарды юридикалык жана физикалык жактарга, келишимдин негизинде көрсөтөт;

 

·       Ишкананын материалдык базасын өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн кеңейтүү максатын көздөгөн фонд уюштурат;

 

·       Учурдагы ишмердүүлүгүн жана келечектеги өнүгүүсүн өз алдынча пландаштырат;

·       Муниципалдык ишкананын ишине тиешелүү маселелер боюнча сот органдарына

доогер жана жоопкер катары катышат;

 

·       Ѳз алдынча мүлккө байланышкан же мүлккө байланышпаган жеке укуктарга ээ боло алат жана ишке ашырат;

 

3.2. Муниципалдык ишкана расчеттук, валюталык жана башка эсептерди ачат, чарба маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууну жана түшкөн пайдаларды бөлүштүрүүнү өз алдынча жүргүзөт;

 

3.3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, муниципалдык ишкана өзүнүн милдеттемелерине карата өз менчигиндеги мүлктөрү жана каражаттары менен жоопкерчилик тартат.Муниципалдык ишкана уюштуруучунун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт;

 

3.4. Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгүн Отуз-Адыр айыл аймагынын талаптарына, ушул Уставка, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт;

 

IV Муниципалдык ишкананын эсеп-кысабы

 

4.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишмердүүлүгунүн жыйынтыгы боюнча бухгалтердик жана оперативдик эсептерди жүргүзөт, белгиленген формада статистикалык эсеп жүргүзөт жана анын тактыгына жоопкерчиликтүү болот;

 

4.2. Муниципалдык ишкананын чарбалык жана каржылык иш-аракеттери Отуз-Адыр айыл өкмөтү жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көзөмөлгө алынат;

 

4.3. Муниципалдык ишкананын балансындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү эсептен чыгаруу, жараксыз деп табуу, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешип түзгөн комиссиясынын чечимине ылайык, айылдык кеңеш тарабынан бекитилген тартипте жүргүзүлөт;

 

V Муниципалдык ишкананы башкаруу

 

5.1. Муниципалдык ишкананын жогорку органы болуп, Отуз-Адыр айыл өкмөтү саналат.

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн компетенцияларына төмөнкү маселелери кирет;

 

·       Муниципалдык ишкананын уставын жаңы редакцияда бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

 

·       Муниципалдык ишкананын учурдагы жана келечектеги өнүгүү пландарын бекитүү;

·       Муниципалдык ишкананын жетекчисин айылдык кеңештин макулдугу менен кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу;

 

·       Директордун сунушу боюнча, муниципалдык ишкананын штаттык түзүмүн бекитүү;

·       Муниципалдык ишкананын башка юридикалык жактарга катышуусуна жана мүчө болуп кирүүсүнө макулдугун берүү;

 

·       Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык эсеп-кысабын бекитүү;

·       Айылдык кеңешинин макулдугу менен Муниципалдык ишкананы кайра түзүү жана жою;

 

·       Аудитордук текшерүүнү жүргүзүү, муниципалдык ишкананын бардык документтерин текшерүүгө, ошондой эле ишмердүүлүтүн мыйзамга жана Уставка жооп берүүсүн текшерүүгө, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле баланстык эсеп-кысабын талап кылууга укуктуу;

 

5.2. Муниципалдык ишкананын аткаруучу органы болуп, анын жетекчиси саналат.

 

5.3. Муниципалдык ишкананын башкы бухгалтерин,ишкананын жетекчисинин сунушу менен, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы дайындайт жана бошотот.

 

5.4. Муниципалдык ишкананын жетекчисинин компетенциясы:

 

·       Жетекчи өзүнө берилген укуктардын, жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын чегинде муниципалдык ишкананын чарбалык иш аракетин уюштурат;

 

·       Муниципалдык ишкананын учурдагы жана келечектеги өнүгүү пландарын түзөт жана ишке ашырат;

 

·       Ишкананын ишмердүүлүгүнүн сапаттуу жана тийиштүү формада аткарылышына, анын ичинде ишкананын отчеттук маалыматтарынын тууралыгына, чарбалык иштин нормаларынын сакталышына жеке жоопкерчиликте болот;

 

·       Өз компетенциясынын алкагында буйруктарды жана башка чечимдерди чыгарат, алардын аткарылышын текшерет;

 

·       Муниципалдык ишкана башка мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде, коомдук уюмдарда ишеним каты жок өкүлчүлүк кылат;

 

·       Муниципалдык ишкананын атынан ушул Уставдын 5.1. бөлүгүндөгү 7-пунктунда көрсөтүлгөн учурдан башка келишимдерди, контракттарды түзөт;

 

·       Муниципалдык ишкананын штаттык түзүмүн, анын структурасын бекитүүнү Отуз- Адыр айыл өкмөтүнүн башчысына сунуштайт;

 

·       Муниципадык ишкананын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот, ошол эле учурда контаркттык негиздегилер менен дагы иш алып барат:

 

·       Муниципалдык ишкананын чыккан документтерине биринчи болуп кол коет;

·       Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставка ылайык муниципалдык ишкананын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

 

VI.Муниципалдык ишкананын мүлкү

 

6.1. Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүп берилген жана балансында турган кыймылсыз, кыймылдуу жана жүгүртмө каражаттары ишкананын мүлкү болуп саналат, иштетилиши жана сакталышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

 

6.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүн жана ишмердүүлүгүн каржылаган булактарга төмөндөгүлөр кирет:

 

·       Отуз-Адыр айыл өкмөтү өткөрүп берген мүлк жана башка каражаттар;

·       Көрсөтүлгөн кызматтарынан жана башка иш аракеттеринен түшкөн каражаттар;

·       Мамлекеттик, чет өлкөлүк мекемелер, коомдук, коммерциялык, юридикалык жана жеке тараптардан демөөрчүлүк катары түшкөн материалдык жана акчалай каражаттар;

 

·       Ишкананын карамагында турган муниципалдык мүлктү (маданий, спорттук, жарнамалык ж.б) пайдалануудан, массалык иш чараларды уюштуруудан, демөөрчүлүк иш чаралардан, лекция, көргөзмө, аукцион жана башка иш чараларды өткөрүүдөн түшкөн каражаттар;

 

·       Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттар;

·       Муниципалдык ишкананын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн пайдалануудан, ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар;

 

·       Мыйзам менен тыю салынбаган башка кирешелер;

 

6.3. Муниципалдык ишкана, өзү көрсөткөн кызматтардан жана башка иш-аракеттерден түшкөн каражаттарды, Уставта көрсөтүлгөн маселелерди чечүү жана тийиштүү фонддорду түзүү үчүн өз алдынча бөлүштүрө алат.

 

VII Муниципалдык ишканынын кызматкерлеринин мамилеси

 

7.1. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана ишкананын жумушчуларынын эмгектик укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, ушул Устав,ички ченемдик укуктук актылар жана эмгек келишими (контаркты) менен аныкталат.

 

7.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүнө ишкананын кызматкерлери жана жумушчулары тарабынан зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эмгек келишимдин (контракттын) негизинде материалдык жоопкерчилик тартат.

 

7.3. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин функционалдык милдеттери ишкананын директору тарабынан бекитилет.

 

VIII Муниципалдык ишкананын иш аракетин токтотуу

 

8.1. Муниципалдык ишкананын жоюлушу жана кайрадан түзүлүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

 

8.2. Муниципалдык ишкананы жою, кайрадан түзүү айылдык кеңештин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

 

8.3. Муниципалдык ишкананын жоюлушу жана кайрадан түзүлүшү юридикалык жактардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине тийиштүү маалымат киргизилгенден кийин, ишкана жоюлган же кайрадан түзүлгөн деп саналат.

 

8.4 Муниципалдык ишкананын иш кагаздары Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдик фонду» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде аткарылат жана тийиштүү мекемеде сакталат.

 

Жооптуу катчы

А.Зикиров