Редакцияот 20.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он экинчи сессиясы

2022-жылдын 20-сентябры №114

                Бюджеттин киреше бөлүгү боюнча жоготуулары  жөнүндө

 

           

             Атбашы айыл аймагынын башчысынын маалыматын Атбашы айылдык Кенешинин сессиясында угуп жана талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Авиа Траффик Компани авиакомпаниясы негизги биздин  салык төлөөчүбүз 2021 жылдын 20 сентябрынан тартып Атбашы айыл өкмөтүнүн Сокулук районунан Биринчи Май районуна кайра каттодон өткөндүгүнө байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгү -22181,2 миң сом жоготууга учурады:

–Киреше салыгы -17200,0 миң сомго

-Экинчи тобунун мүлк салыгы -47,3 миң сомго

-Юридикалык жактардын транспорт салыгы -4905,5 миң сомго

-Айыл чарбалык эмес жер салыгы - 6,0 миң сомго

-Таштандыларды чогултуу үчүн төлөм -22,4 миң сомго

 

Айыл аймак башчысына 2022 жылдын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин максаттуу трансферттеринен каржылоо булактарын табуу сунушталсын.

 

2. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө а/а башчысы Ж.Мусурманкуловго жүктөлсүн.

Төрайым

Д.Абыканова