Редакцияот 19.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАңЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV  сессиясы

2023-жылдын 19-сентябры №15/2

Жаңы-Арык айыл аймагынын, Достук   айылынын жергиликтүү тургундары менен болгон  жыйындын чечими менен ичүүчү  таза сууга болгон баасын  (тарифин) бекитүү жөнүндө

 

        Жаңы-Арык айыл аймагында, Достук   айылынын  жергиликтүү тургундары менен болгон  жыйындын чечими менен ичүүчү таза сууга болгон баасын  (тарифин) бекитүү жөнүндө элдик жыйындын   протоколунун   негизинде, социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө,  регламент жана этика боюнча комиссиясынын корутундусуна таянып, Жаңы-Арык айылдык кенеши

 

                                                    ТОКТОМ    КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл аймагындагы, Достук  айылынын жергиликтүү тургундары менен болгон 2023-жылдын 6-сентябрындагы  жыйындын чечими менен ичүүчү таза сууга болгон баа  1м 3 суу 80 (сексен ) сом өлчөмүндө  бекитилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө,  регламент жана этика боюнча  комиссиясына жүктөлсүн .