Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2023-жылдын 6-апрели № 9

Отуз-Адыр айылындагы Борбордук ооруканага Отуз-Адыр совхозунун мурдагы директору Н.И.Коньковдун эстелик доскасын орнотуу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” аттуу Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1.Отуз-Адыр айылындагы Борбордук ооруканага Отуз-Адыр совхозунун мурдагы директору Н.И.Коньковдун эстелик доскасы орнотулсун.

 

 

2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.

(Н.Калматов)

 

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Т.Жумаев