Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАңЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

2023-жылдын 11-августу №14/7

Жаңы-Арык айыл аймагынын Правда айылындагы спорт комплексин курулушун райондук өнүктүрүү  фондуна сунуштоо жөнүндө

 

   Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн  орун басары С.Арынованын  күн тартибиндеги маселе боюнча  маалыматын угуп,  талкуулап   Жаны-Арык айылдык кенеши   

                  

ТОКТОМ    КЫЛАТ: 

1.Жаңы-Арык айыл аймагынын  Правда айылындагы спорт комплексинин  курулушу райондук   өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

   

2. Бул токтомдун аткарылышы  Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Исаевге милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө,  регламент жана этика боюнча  комиссиясына   жүктөлсүн.

Төрага

Ж. Осумбеков