ЖАңЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2023-жылдын 15-декабры №17/1
Трансформация болгон 133,8 га жер аянтына даярдалган ген планга акча каражатан төлөө үчүн чыгарылган, Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 26.01.2023 жылдагы 12/5 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан келген 06.12.2023-жылдагы №1-44-3329-23 сандуу каршылык билдирүү каты менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32- беренесинин 1-бөлүмүнө таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майы №177 Токтомун жетекчиликке алып Жаңы-Арык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан келген 06.12.2023-жылдагы №1-44-3329-23 сандуу каршылык билдирүү каты аткарууга алынып, Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 26.01.2023-жылдагы 12/5 токтому жокко чыгарылсын.
2. Жаңы-Арык айыл аймагынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майы № 177 Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32- беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, жер участоктору берилсин.
3. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, Мамлекеттик шаар куруу, архитектура жана долбоорлоо институтунун Оштогу филиалына төлөнүчү 634 500 (алты жүз отуз төрт миң беш жүз) сом акча каражатын табуу жагын карасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айылдык кеңешинин бюджет, финансы-экономикалык маселелер, инвестиция жана гранттарды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына.
Төрага | Ж. Осумбеков |