Редакцияот 15.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАңЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

2023-жылдын 15-декабры №17/2

   Жаңы-Арык айылдык кеңеши, Жаңы-Арык  айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык , Таш-Арык, Правда , Ак-Терек ,Достук айылдарындагы  Ичүүчү таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери  (ИСКАКБ) бириктирилип жаңыдан Жаңы-Арык биргелешкен “Ынтымак-Мөлтүр-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө

 

 

     Жаңы-Арык айылдык кенеши , уюштуучулардын №1, №2 №3 эл менен өткөрүлгөн жыйынынын протоколдору менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын 11- беренесине ылайык Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык, Таш-Арык , Правда, Ак-Терек , Достук айылдарындагы Ичүүчү таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ) бириктирилип жаңыдан Жаңы-Арык  биргелешкен “Ынтымак-Мөлтүр-Суу” муниципалдык  ишканасын бекитүү максатында Жаңы-Арык айылдык кенеши .

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ

1.Уюштуруучулардын №1 протоколу, №2 протоколу, №3 протоколунун чечими менен түзүлгөн “Ынтымак-Мөлтүр-Суу” муниципалдык ишканасы юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөнкүдөй аталсын:

    Юридикалык жактын толук муниципалдык ишкананын фирмалык аталышы :

Мамлекеттик тилде: Жаңы-Арык биргелешкен “Ынтымак-Мөлтүр-Суу” муниципалдык ишканасы.

Расмий тилде: Муниципальное предприятие Жаңы-Арык биргелешкен “Ынтымак-Мөлтүр-Суу”

Адреси: Кыргыз Республикасы Ош облусу Кара-Суу району Жаңы-Арык айылдык аймагы Жаңы-Арык айылы Ленин көчөсү № 40

2. Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык, Таш-Арык , Правда, Ак-Терек, Достук айылдарындагы Ичүүчү таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ) бириктирилип жаңыдан Жаңы-Арык  биргелешкен “Ынтымак-Мөлтүр-Суу” муниципалдык ишканасынын Уставы  бекитилсин.

3. Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык, Таш-Арык , Правда, Ак-Терек , Достук айылдарындагы Ичүүчү таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ) бириктирилип жаңыдан Жаңы-Арык биргелешкен “Ынтымак-Мөлтүр-Суу” муниципалдык  ишканасынын жетекчисин дайындоо жагы айыл өкмөт башчысы Н.Раимовго сунушталсын.

4. Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу  Жаңы-Арык биргелешкен “Ынтымак-Мөлтүр-Суу” муниципалдык  ишканасын Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик катоо жөнүндө” мыйзамынын 11- беренесине ылайык каттоодон өткөрүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Раимовго тапшырылсын.

Төрага

Ж. Осумбеков