ЖАңЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2023-жылдын 15-декабры №17/3
Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү мөөнөтү бүткөн АЧМФ нын жерлерин ижарага берүү үчүн башталгыч баасын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү мөөнөтү бүткөн АЧМФ нын жерлерин ижарага берүү үчүн башталгыч баасын бекитүүнү талкуулап Жаңы-Арык айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү мөөнөтү бүткөн АЧМФ нын жерлерин ижарага берүү үчүн башталгыч баасы, кыйынчылык менен суу барган Жаңы-Арык айылындагы сайдын ичиндеги 5 га жер аянты, Жаңы-Арык, Правда айылдарынын чек арасынын төмөн жагындагы 19 га жер аянты, Ак-Терек айылындагы сайдын ичиндеги 6 га суулу жер аянттарын, 1 га жер аянты 5000 (беш миң) сом ар бир кадамы 1000 (бир миң) сом, ал эми сугат сууга ыңгайлуу болгон суулу жерлерди 1 га жер аянтын 15000 (он беш миң) сом, ар бир кадамы 1000 (бир миң) сом деп бекитилсин.
2.Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жер адистери А.Конкошовго жана К.Артыковго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы КБФ нын жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча комиссиянына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Осумбеков |