Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2023-жылдын 6-апрели № 11

Отуз-Адыр айыл аймагынын Кара-Дѳбѳ айылынын кулуну Кабылова Айжамал Тѳрѳбековнага “Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ

Отуз-Адыр айыл аймагынын Кара-Дѳбѳ айылынын кулуну Кабылова Айжамал Тѳрѳбековнанын Кыргыз Республикасынын маданият тармагында кѳп жылдан бери эмгектенип,кыргыз ырларын,обондорун кѳптѳгѳн мамлекеттерге,улуттарга тааныткандыгын эске алып,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1.Кабылова Айжамал Тѳрѳбековнага “Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2.Кабылова Айжамал Тѳрѳбековнага № 8 – “ Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” күбѳлүгү берилсин.

 

3.Тийиштүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу жагы айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басарына тапшырылсын.(А.Каимов)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Т.Жумаев