Редакцияот 14.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

2024-жылы 14-июну № 6

 Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан 2,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө

КР Жер кодексине, КР Жер участогун которуу жөнүндөгү №145-мыйзамына ылайык, кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жыл 21-январындагы №26 токтомунун, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановдун 2024-жылдын 06-июнундагы сунушу жана айылдык Кеңештин жер боюнча комитетин №2 чечиминин негизинде,депутаттар арасында арасында Төрт-ГүлайылдыкКенешинин VIIчакырылышынын кезектеги II сессиясытоктом кылат:

 

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын батыш тарабындагы №619-контурдан 1,0 га, №668-контурдан 0,85 га, №673- контурундагы 0,15 га, жалпы 2,0 га  таштуу жайыт жер аянтын“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын ичиндеги “Жайыт түрүнөн”, “Көп жылдык бактар” түрүнө которууга макулдук берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго  жүктөлсүн

Кенешинин торагасы:

 Н.Артыков