Редакцияот 15.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

2024-жылдын 15-августу № 41/156

Кызыл-Кыя шаарында маданият жана спорт тармактары боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы                     №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын                                     18-июлундагы  №22 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы К.Кулматованын 2024-жылдын 18-июлундагы № 01-10/104 жана Кызыл-Кыя шаардык дене тарбия жана спорт секторунун башчысы А.Таштемировдун 2024-жылдын 17-июлундагы        №01-07/48 каттарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. Кызыл–Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы К.Кулматованын шаардык кеңештин учурдагы сессиясына себепсиз келбегендиги үчүн эскертүү берилсин. Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысына тийиштүү чара көрүү жагы шаар мэри А.Маткалыковго сунушталсын.      
  1. Кызыл-Кыя шаарында маданият тармагы боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматты угуу шаардык кенештин кийинки сессиясына калтырылсын.
  1. Кызыл–Кыя шаарынын дене тарбия жана спорт секторунун башчысы А.Таштемировго милдеттендирилсин:

-        жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, улуттар аралык мамилелерди чыӊдоо максатында, жаштар борбору, билим берүү бөлүмү менен биргеликте тренингдерди, тегерек столдорду уюштуруу жагы;

-        жергиликтүү жана республикалык бюджеттен спорт тармагын өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу менен спорт тармагында өткөрүлүүчү  ар түрдүү областык жана республикалык кароо-сынактарга, иш чараларга катышууну камсыз кылуу жагы;

-        спорттук залдардын спорт каражаттары менен камсыз болуусуна жетишүү;

-        жаш спортчулардын областык, республикалык жана эл аралык турнирлерге катышуусуна шыктандыруу максатында жаштарды спортко тартуу, түрдүү спорттук мелдештерди уюштуруп өткөрүү жана аларды сыйлыктарга көрсөтүү жагын колго алуу;

-        борбордук стадионду талапка жооп берерлик абалда кармоо,  тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Ж.Калматов