МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 4-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 22-апрели №23
Миң-Булак айыл аймагындагы жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын “курулуш астында” жер түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтү менен даындалган Миң-Булак айыл аймагындагы жерлерди которуу боюнча материалдарын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл аймагындагы № 11-контурда – 0,63 га, № 21-контурда – 0,04 га № 28-контурда - 0,02 га, № 822-контурда – 1,0203 га мамлекеттин фондундагы айыл чарба жерлеринин айдоо жерлери, № 22-контурдагы – 0,4 га бакча жери бардыгы 2,1103 га жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына, жердин түрү “курулуш астында” максаттык багыты боюнча малдын бардык түрлөрүн өстүрүү жана көбөйтүү анын ичинде канаттууларды инкубациялоо жана багууга база куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү ушул токтомду Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрага |
| Саркулов Б.К. |