Редакцияот 15.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

2024-жылдын 15-августу № 41/157

Кызыл-Кыя шаарында билим берүү тармагы боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын                  18-июлундагы №22 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонованын 2024-жылдын 17-июлундагы № 01-14/12 катын  эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонованын маалыматы эске алынсын жана милдеттендирилсин:

-       “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, жаштарга  билим берүүдө инновациялык ыкмаларды пайдаланып, билим берүүнүн, окуу–тарбиялык иштердин сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы;

-       2022-2023 окуу жылында ЖРТ боюнча төмөнкү көрсөткүчтөрдү көрсөткөн №4 орто мектеби (40,2%), № 5 мектеби (31,8%), № 7 орто мектеби (44%),  №10 мектеби (17 %), белгиленсин жана бул мектептерге  талапты күчөтүү боюнча иштерди жүргүзүү жагы милдеттендирилсин;

-       жаштарга  билим берүүдө  инновациялык  ыкмаларды пайдаланып, билим берүүнүн, деңгээлин жогорулатуу жана жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоодо максаттуу иштерди алып баруу жагы;  

-       мектеп окуучуларын окуу китептери менен толук камсыздоо иштерин колго алуу;

-       билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин, бала бакчалардын  күз-кыш мезгилине даярдыгын камсыздоо жана аларды  өз убагында көмүр менен камсыз кылуу;

-       шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте жашы жете элек балдардын жумушка тартылуусуна бөгөт коюу боюнча иштерди активдүү жүргүзүү, «мектеп рэкети» - жогорку класстардын окуучулары тарабынан төмөнкү класстардын окуучуларына көрсөтүлүүчү зомбулуктардын, окуучулардын топторунун мектептер арасындагы мушташуулардын жана башка тартип бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө багытында профилактикалык иштерди жүргүзүү жагы;

-       билим берүү мекемелеринин педагогикалык жамааттарынын мезгилге карап өнүгүүсүн камсыздоо жана билимин өркүндөтүү максатында мугалимдерди  окуу курстарына жөнөтүү.

  1. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүм башчысы А.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин:

-       жугуштуу инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында мектептерде жана бала бакчаларда профилактикалык иштердин жүрүшүн камсыздоо;

-       мектептерде жана бала бакчаларда балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын, ашканалардын санитардык-гигиеналык абалын, тамак-аш продукталарынын сакталышын ар дайым көзөмөлдөө жагы.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Ж.Калматов