Редакцияот 20.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги ХXXVI сессиясы

 

2024-жылдын 20-августу № 111

Макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №26 токтомунун негизинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңешининVII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы токтом кылат:

 

1.№2433-контурундагы 5,6га жайыт жер, № 2452-контурундагы 1,0га жайыт жер,№ 1049-контурундагы 0,60га жайыт жер,Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Айгүл-Таш айылындагы  асылдуулугу төмөн айыл чарба жерин өздөштүрүү  үчүн  жана айыл-чарба өндүрүшүн  жүргүзүү үчүн 7,2га жер аянтын көп жылдык мөмө-жемиш бактарына айландыруу максатында,”Жайыт”жер түрүнөн “Айыл-чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө которууга  макулдук берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. Бөрүев